Ысык-Көл облусундагы имамдарга шайлоо иштерине аралашпоо боюнча облус казысы эскертүү берди

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков шаар, райондук баш имам хатибдер менен жолугушуп, шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүүгө дин кызматкерлердин аралашпоосу жөнүндө имам хатибдерге эскертүүлөрдү берди.

“Баш имам хатибдер үчүн уюштурулган онлайн жыйында мечиттерде, диний мекемелерде жана имараттарда, шайлоого байланыштуу үгүт иштерин жүргүзбөө, ага дин кызматкерлеринин аралашпоосу эскертилди. Мындан сырткары ысырапкерчиликтин алдын алууда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, этностор аралык мамилелерди жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилди”,- деди облус казысы.

Мындан сырткары мечиттердин тазалыгына көңүл буруу, каттоосу жок мечиттердин документтерин ирээтке келтирүү, кышка даярдыкты күчөтүү, имамдардын билим деңгээлин жогорулатууда атайын окууларды уюштуруу зарылдыгы айтылды.