«Имам Азам» мечитинин дааратканасы заман талабына ылайык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Имам Азам» мечитинин дааратканасы имамдын демилгеси менен заман талабына ылайык түрдө оңдоп түзөөдөн өткөрүлүүдө. 

«Дааратканабыз кичине болгондуктан, жума намазына келген жамаат даарат алууга жетишпей калчу. Биз жамаат үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жергиликтүү демөөрчүлөргө кайрылып, 550 миң сомдук оңдоп түзөө иштерин баштадык», — деди мечит имамы Абдумажит ажы Маматханов.

Айта кетсек, 550 миң сомдун  400 миң сому даараткана үчүн сарпталып, калган 150 миң сомуна мечит менен даараткананын навесине жумшалды.