Баткенде имамдарга отчет жазуу боюнча кошумча маалыматтар берилди

Бүгүн, 10-сентябрда КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси Акжигит ажы Кокоев иш сапары менен Баткен казыятына келип, облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов менен жолугушту. Жолугушууда казыяттын диний ишмердиги туурасына маселелер талкууланды. Муну менен катар санитардык талаптарды сактоо менен Баткен шаарынын жана Баткен  районунан  жалпы 20 дин кызматкерге жыйын өттү.

Жыйында имамдарга  имам аль-Матуридий акыйдасын, Ханафий мазхабын бекемдөө жана экстремизм, радикализмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Муфтияттын тапшырмасына ылайык имамдарга отчет берүү  жаңы формаларынын ыкмалары боюнча кошумча атайын маалыматтар түшүндүрүлдү. 

Белгилей кетсек, үйрөтүлгөн ыкмалардын негизинде имамдар берилген отчеттун формасын ай  сайын толтуруп, аткарган иштери боюнча казыятка отчет берип тураары милдеттендирилди. 

Катышуучулардын айтымында, бул иш аракет имамдардын өз алдынча өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, өз аймагында Ислам дининин баалуулуктарын туура жеткирүүдө чоң өбөлгө болоору айтылды. Ошондой эле жыйында нике каттоо журналын колдонуу боюнча маалыматтар угулду.