Касым ажы Сыдыков: Мекендин бүтүндүгүнө, тынчтыгына жана бейпилдигине ар бирибиз кайсыл гана тармакта иштебейли өз салымыбызды кошууга милдеттүүбүз

Кечээ,  11–сентябрь күнү  Талас районунун Көк-Ой айылында жайгашкан №2029 аскердик бөлүктүн кызматкерлерине  «Суициддин алдын алуу”, “Мекенди сүйүү жана ага кызмат кылуу» деген темада  атайын лекциялар окулду.  Иш-чарага Талас облусунун казынын орун басары Касым ажы   Сыдыков, облустук казыяттын иш башкармалык бөлүмүнүн башчысы Медер ажы Сагынбаев катышып, мекенди коргоо жана ага кызмат кылуунун сооптору, Ислам дини зулумдук кылууга тыюу салаарын баса белгилешти. 

№2029 аскер бөлүгүндөгү жолугушуу абдан жогорку деңгээлде уюштурулуп, жоокерлер өздөрүнүн кызыккан суроолорун беришкен.  

 Мекендин  бүтүндүгүнө, тынчтыгына жана бейпилдигине ар бирибиз кайсыл гана тармакта  иштебейли өз салымыбызды кошууга милдеттүүбүз”,-деди облус казысынын орун басары.