Бишкек шаардык казыятына 664 даана Куран китеби тапшырылды

Бүгүн, 14- сентябрь күнү Бишкек шаардык мусулмандар казыятына Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына Медина шаарынан келген ыйык Куран китептеринен 664 даана китеп жеткирилди.

Бул китептер ордо калаадагы ар бир мечитке, медреселерге акысыз таратылаарын Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев билдирди.

«Бул сооптуу ишке себепчи болгон ар бир мусулман бир туугандарга, Муфтияттын кызматкерлерине Алла Таала ыраазы болсун. Биз ар бир китепти тактык менен мечиттерге жеткиребиз. Бул китептердин сапаты мыкты экен. Андыктан Аллахтын үйүндө мүлк катары кала берет», — деди Замир кары Ракиев.