Баткен облусундагы медресе студенттери онлайн режимде окуп жатат

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга карата Баткен облустук мусулмандар казыятынын тапшырмасына ылайык, облустагы медреселер онлайн режимде ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.

Облуста жалпы 12 медресе болсо алар окуу жылы башталгандан тартып студенттерди аралыктан окутууда.

«Динибизде  ар бир ишти жакшылык бар» дегендей. Учурдагы абал медресе жана студенттерди санариптештирүү иштерин алдыга жылышына түрткү болду. Студенттерге «Zoom», «Whatsapp» жана башка программалардын жардамы аркылуу окуу процесси үзгүлтүккө учурабастан билим берилүүдө»,-деди медресе мугалимдери.