Бишкек шаарындагы Борбородук мечиттин короосу иретке келтирилүүдө

Бүгүн, 14-сентябрдан тартып Бишкек шаардык Борбордук мечитинде оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев  билдирди.

Анын айтымында, мечитти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү пландалып жатат. Учурда мечиттин короосу иретке келтирилип, бөлмөлөр оңдолууда.      

«Чындыгында элибизден айланып кетсе болот. Соопчулук издеп, мечиттин бир тарабын оңдоп-түзөп берейин деген бир туугандарыбыз чыгып жатат. «Бисмиллах» деп бир четинен баштадык. Буюрса  кыш келип, суук түшкөнгө чейин мечиттин ичин жана айлана -чөйрөсүн бир сыйра капиталдык ремонттон өткөрүп алууну көздөп жатабыз. Алахтын үйү үчүн ар ким колунан келгенин жасайт экен. Биз да себепчи болуп, соопчулук издеген бир тууганыбызга туура багыт бергенге аракет кылып жатабыз»- деди Замир кары.         

Борбордук мечиттин оңдоп түзөөсүнө салым кошууну каалагандар төмөнкү номерлерге кайрылса болот. 

+ 996 700 337745+

996 776 337745 (Whatsapp)

+ 996 554 337745 (ЭЛСОМ)