КМДБнын Аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов Жалал-Абад облусунун имамдарына “Ден соолуктун негиздери” деген темада тренинг өттү

Бүгүн, 15-сентябь күнү Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад облустук казыятынын  жыйындар залында USAID дин “Кургак учукту айыктыруу “ долбоорунун алкагында “Ден соолуктун негиздери” деген темада Жалал-Абад шаары, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун имамдарына тренинг болуп өттү.

Жыйын Алла Тааланын кереметтүү Куран аяттарын окуп, мамлекетибизге тынчтык, элибизге ден соолук, амандык каалап дуба кылуу менен башталды. Иш-чарада КМДБнын Аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов «COVID-19» ылаңына байланыштуу жума намаздарда КМДБ тарабынан чыккан буйрук, токтомдорду жана КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык сактык талаптарын так аткарууну баса белгиледи.

“Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун менеджери Темир Төлөгөнөв  коронавирус ылаңы менен кургак учуктун окшоштуктарын, оорунун адамдагы алгачкы белгилерин, жугуу жана сактануу жолдорун, кургак учук менен ооруп калган адамды кодулоого, басмырлоого кабылбашы керектигин баса белгиледи.

Дин кызматкерлери ар дайым эл менен бирге болуп, калк арасында түрдүү абалдарга туш болгондугуна байланыштуу, атайын адистерден керектүү маалыматтарды алуу максатында  ушул тренингди өткөрүп жатабыз. Себеби  имамдар ооругандарга дем салууда же майитти жууп, кепиндөөдө түрдүү оорулар менен өткөн  маркумдарга туш болушу мүмкүн. Ошондуктан имамдар дагы сактык чараларын алдын алышы керек”-деди Темир Төлөгөнов.

Соңунда трениннге катышкан имамдарга атайын сертификаттар берилди. Ал эми адистер имамдардын кызыктырган суроолоруна жооп беришти.