Жалал-Абад областтык казыятына КМДБ тарабынан 6552 даана Куран китеби берилди

Кечээ, 15-сентябрь күнү Жалал-Абад областтык мусулмандар казыятына Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан жиберилген 6552 даана Ыйык Куран китеби тапшырылды.

Бул Куран китептери облустун аймагындагы ар бир мечитке жана диний окуу жайларга 8 даанадан таратылаарын  КМДБнын Аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов билдирди.

Куран китептери Жалал-Абад шаарына 248 даана, Сузак районуна 1776 даана, Базар-Коргон районуна 960 даана, Ноокен районуна 656 даанадан таркатылып берилди. Ал эми облустун башка аймактарына дагы толугу менен таратыла турганын облус казысы Абдулазиз кары Закиров баса белгиледи.

“Муфтияттан келген бул аманатты тиешелүү жерлерге сөзсүз түрдө жеткиребиз. Бул китептер элибиздин, жеткинчектердин Куран окууда сабаттуулугун жоюуда түрткү берет деген терең ишеничтемин”,-деди облус казысы.