Жетиген айылынын жаштары айылдагы мечиттин терезелерин алмаштырышты

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл аймагындагы Жетиген айылынын жаштары, айылдагы «Хасан Али Худж» мечитинин эски терезелерин алмаштырып, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүштү.

Аталган иш-чара айылдагы жаштардын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен ишке ашып, жалпысынан 70 000 сом каражат жумшалды.

Ал каражатка мечиттин эски терезелерин жаңылап, мечиттин короосун тазалоо иштерин да өздөрү аягына чыгарышып, кийинки кезекте кышка кам көрүү маселеси каралды.

«Мечит – бул Жараткан Кудайдын үйү. Мечитти тазалагандардын ички дүйнөсүн Аллах тазалайт. Жаш кезинен ушундай иштерди кылгандардын келечеги кең экенинен кабар берет. Аллах Таалам өмүрүңөргө береке берип, мындан ары да жакшылык иш-чараларды уюштурганга күч-кубат берсин», — деп Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков.

Белгилей кетчү нерсе, мечиттердин ишмердүүлүгүнө уруксат берилгенден кийин жалпы облустагы имамдарга мечиттердин тазалыгын бекем көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилген.