Сокулук районунун имамдарына шайлоого карата үгүт иштерине аралашпоо боюнча эскертүү берилди

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун баш имам хатиби Икрам ажы Ырысбаев райондогу имамдарга жыйын өткөрүп, бир канча тапшырмаларды берди.

Жыйын Сокулук районунун хатибиятында өтүп, анда райондогу диний кырдаал талкууланды. Иш-чара алкагында КМДБ тарабынан берилген Ыйык Куран китептер тапшырылып, имамдарга төмөнкү тапшырмалар берилди:

1) КМДБ жана казыяттан чыккан буйруктарды так жана өз убагында аткаруу
2) Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзбөө жана мечиттерге саясий жыйын өткөрбөө
3) Эл ортосунда, улуттар арасында ынтымакты сактоо боюнча иш-чараларды уюштуруу.

«Имамдар менен ай сайын жыйналыш болуп турат эле. Бирок, өлкөбүздөгү кырдаал эске алынып, бир канча айлардан бери жыйын аралыктан болуп жатат. Эми мына Кудай Тааламдын жакшылыгы менен жашообуз мурунку нукка түшө баштаганынан, имамдар менен жыйын өткөрдүк. Буюрса жыл башында коюлган иш мерчемин колубуздан келишинче аткарууга арекет кылабыз», — деди Сокулук районунун баш имам хатиби Икрам ажы Ырысбаев.