Чүй облусундагы мечит жана медреселерге КМДБ тарабынан 3 640 даана Куран китеп берилди

Чүй облусунун мусулмандар казыятынын карамагындагы мечит жана медреселерге Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан 3 640 даана Ыйык Куран китеп берилди.

Китепти тапшырууда облустагы ар бир райондун баш имам хатибтерине жыйын өтүп, ар мечит жана диний окуу жайларга 8 даанадан таратылып берилмекчи.

«КМДБ тарабынан келген Куран китептерин жакын аранын ичинде ар бир мечит жана диний окуу жайларга тапшырабыз. Тирүүлөргө эскертүү катары жиберилген бул Куран китеби, буюрса жалпыбызга эскертүү болуп, кандай максатта таратылган болсо, ошонун бардыгы ишке ашат деген үмүттөбүз. Куранды бизге чейин жеткирип берген ар бир момун мусулман бир туугандарга ыраазычылыгыбызды билгизебиз», — деди Чүй казысынын орун басары Жоомарт ажы Абдырахманов.