Баткен казыятына Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин илимий журналы тапшырылды

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Баткен облустук казыятына иш сапары менен келип, казыяттын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Абибилла ажынын илимий сапарынын алкагында облусдун имамдарына жыйын өткөрүп, АКнын илимий журналын тапшырды.

Белгилей кетсек, журналда Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан жазылган илимий макалалар, диний эмгектер жарыяланган.

Журналда 17 аалымдын илимий макаласы жарыяланды. Илимий журнал Муфтияттын карамагындагы диний окуу жайларга, Улуттук китепканага таратылмакчы. Жалпы окурмандарга пайдалуу маалыматтарды камтыганга аракет кылдык”,-деди Абибилла ажы Кадырбердиев.