КМДБнын Аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында диний окуу жайлардын мугалимдерине жыйын өткөрдү

КМДБнын Аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө облустагы диний окуу жайлардын мугалимдери менен жолугушуп, жаңы 2020-2021-окуу жылына карата жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты.  

Анда Равшан ажы мугалимдерди КМДБдан чыгарылган буйруктарды, токтомдор жана тапшырмалардын негизинде гана иш алып баруу керектигин белгилеп, “Ден соолуктун негиздери” деген темада баяндамасын жасады.

Ден соолукту ар бир жанга берилген аманат. Мугалимдер окуучу балдар менен тыгыз иштешип, сабак бергендиктен аларга ден соолуктун кадырын, айрыкча коронавирус, кургак учук боюнча тиешелүү маалыматтар берилиш керек. Балдардын дени сак болсо, өлкөнүн саламаттыгы жайында болот”,-деди Равшан ажы.