Бишкек шаарындагы жалпы имамдарга бир катар тапшырмалар берилди

Кечээ, 16-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы Борбордук мечитте ордо калаадагы жалпы имамдарга жыйын болуп, аларга бир катар тапшырмалар берилди.

Айрыкча шайлоодо үгүт иштерине аралашпоо, мечиттердин тазалыгы, ирээти жана мечиттерди кышка даярдоо тууралуу талаптар айтылды. 

«Биз бир нече ирет эскертип өттүк. Дин кызматкерлери шайлоо иштерине катышпайт. Бул тууралуу Муфтияттын да буйругу бар. Ошондуктан өтө кылдаттык менен мамиле кылып, өз милдетибизди гана так аткаралы. Жаран катары добуш берели. Бирок үгүт иштерине аралашпайлы. Андан да маанилүүсү мечиттерибизди кышка карата даярдыгын тездетели»,- деди Замир кары Ракиев.