Эркинбек уулу Талгатбек Бишкек шаарынын Свердлов районунун башкы имамынын орун басары болуп дайындалды

16-сентябрь күнү Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев жалпы шаардын дин кызматкерлеринин катышуусундагы жыйында Свердлов районунун башкы имам хатибинин орун басарын бекитип, жалпы имамдарга тааныштырды.

Бүгүндөн баштап расмий түрдө райондогу имамдар менен тыгыз иш алып барууга жана мечиттердин документтерин, тазалык жана уюштуруучулук жагын алып кетүүгө милдеттендирилди.

«Жаштарыбызды колдоп, аларга кызмат берүү менен дин чөйрөсүндөгү тажрыйбасын бекемдешибиз керек. Алар дагы колдон келген аракетин жасап, динибизге, эли жерибизге кызмат кылышы керек»,- деди Замир кары.