Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылында Койчумановдордун үй-бүлөсү үлгүлүү иш жасашты

Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын хатибияты КМДБнын маркумду акыркы сапарга узатуу эрежелери боюнча чыккан фатвасынын негизинде, жергиликтүү элге ысырапкерчиликке каршы күрөшүүгө чакырып келет.

Натыйжада калк арасында түшүнүү менен кабыл алып, Кызыл-Алма айылында жашаган Койчумановтордун үй-бүлөсү мындан бир жыл мурун көзү өткөн атасына жылдык өткөрүү үчүн жумшала турган каражатты айылда жайгашкан “Азирети Али” мечитинин ички жасалгасына жумшап, сообун атасынын арбагына багыштады.

Тактап айтканда бул үй-бүлө мүчөлөрү мечитке 50 000 сом акча которуп беришти.

“Шаарыбызда ушундай саамалык экинчи жолу болуп жаткандыгына биз кубанып турабыз. Сооп табууда союш союп, дасторкон жайуу менен эле чектелбесин элибиз ысырапкерчиликке жол бербөөнү түшүнүү менен кабыл алышууда”,- деди Таш-Көмүр шаарынын баш имам  хатиби  Мураталы ажы Мансуров.