Бишкек шаарындагы мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүү тездетилет

16-сентябрь күнү Бишкек шаардык Борбордук мечитте Бишкек шаарындагы ар кандай себептерден улам эсептик каттоодон өтө элек мечиттердин каттоодон өткөрүү иштери тездетилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык казыятынын курулуш жана мечиттер боюнча адиси Талантбек ажы Темирбаев билдирди.

Анын айтымында, биргеликте жасалган иш аракеттердин негизинде 1 мечит каттоодон толук өттү. Учурда дагы 3 мечиттин документтери даярдалып, аягына чыкты. 

«Ар кандай себептерден улам каттоодон өтө элек мечиттерибиз бар. Аракеттердин натыйжасында бирөөсүн өткөрүп, үчөөсү даяр болуп калды. Бүгүн мына Муфтияттын Аппаратынын иш башкармалык, чарбачылык жана курулуш иштери бөлүмүнүн адиси Таалай ажы Назылбековду чакырып жалпы имамдарга маалымат бердик. Мындан ары колдон келишинче тездетип, эсептик каттоодон өткөрөбүз»,- деди Талант ажы Темирбаев.