Баткен казыяты Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарындагы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүп, бир катар маселелер көтөрүлдү

Бүгүн, 17-сентябрда Баткен облусунун мусулмандар  казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун тапшырмасы менен Баткен казыятынын кызматкерлерине түзүлгөн топ Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарындагы дин кызматкерлерге жыйын өткөрдү.

Жыйынды казынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров өткөрүп, төмөнкү маселелерге токтолду.

  1. Өлкөдөгү  абалга жараша мечит, медреселерде өкмөт жана Муфтият  тарабынан бекитилген тартипти, сактык эрежелерди бекем сактоо боюнча тапшырмалар.
  2. Облустук казыяттын жан баш имам хатиптердин аткарган иштери боюнча отчетторун кабыл алуу.
  3. Нике каттоо журналынын ишке ашуусу боюнча толук маалымат отчет.
  4. Медреселердин  абалы жана  жаңы окуу жылына карата онлайн режимин үзгүлтүкө учуратпастан, окуу процессин жүргүзүү.
  5. Казыятттын кызматкерлернин  жана райондук баш имадардын функционалдык милдеттерин так аткаруусун талап кылуу. Тартип бузган жана милдетин аткара албаган кызматкерлерге тийиштүү чараларды көрүү маселеси.
  6. Үй бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюча түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү.
  7. Аялдар окуу борболоруна көңүл буруу жана  ишин көзөмөлдөп туруу.
  8. Парламенттик шайлоодо диний кызматкерлер кызматын колдонуп үгүт жүргүзбөөгө. Мечиттин короосунда же медреселердин жыйындар залдарына саясий максатта колдонбоо.

Жыйын суроо-жооп форматында уланып, казыят адистери дин кызматкерлеринин суроолоруна жооп беришти. Соңунда дин кызматкерлерине Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан Баткен облустук мусулмандар казыятына  келген Куран китеби жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин илимий журналы тапшырылды.