Бишкек шаардык Борбордук мечитин оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Бишкек шаарындагы Борбордук мечитти оңдоп түздөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрь күнү Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев билдирди.

Анын айтымында, мечиттин короосу акырындык менен иретке келтирилүүдө. Атын атагысы келбеген, соопчулук издеген жеке жарандардын эсебинен мечиттин ички тарабына көңүл бурулууда. 

«Учурда мечиттин имамдары, нөөмөнтчү азанчылары отурчу бөлмөлөр оңдолуп жатат. Кезек-кезеги менен бардык тарабын оңдоп чыгабыз. Көмөк көрсөткөн момун мусулман бир туугандарга Алла Таала ыраазы болсун» -деди Замир кары. 

Мечиттин оңдоп түздөө иштерине салым кошууну каалаган жарандар төмөнкү номерлерге кайрылса болот: 

+996 700 337745

+996 776 337745 (Whatsapp)

+996 554 337745 (ЭЛСОМ)