Ош облусунун аймагына 8492 даана ыйык Куран китеби келип түштү

Ош облусунун аймагына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан 30 параны камтыган 8492 даана Ыйык Куран китеби келип түштү.

Иш-чарага Ош шаардык казысынын орун басары Мирлан ажы Казыбаев, Ош облустук казыятынын иш башкарма башчысы Раушан Жеңишбек уулу, Баткен казыятынын иш башкарма башчысы Абдусаттар Жакыпов, Ош облустук, Ош шаардык жана Баткен облустук казыятынын кызматкерлери катышты.

«Бизге келген Куран китебин облуска караштуу бардык мечиттерге, диний окуу жайларга бөлүштүрүп, таратып бермекчибиз. Жараткан Алла Таалам баарыбызга Куран менен жашоону насип кылсын»,- деди казыяттын иш башкарма башчысы Раушан Жеңишбек уулу.