Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Ноокат районунун имамдарына Куран китебин тапшырды

17-сентябрь күнү Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Ноокат районунун имамдарына жыйын өткөрүп, бир канча маселелерге токтолду. Жыйындын соңунда КМДБ тарабынан келген кереметтүү Куран китебин тапшырды.

Иш-чарага Ноокат районунун башкы имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев, хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары катышты.

Иш-чарада облус казысы төмөнкү маселелерге токтолду:

1. Өлкөдөгү абалга жараша мечит менен медреселерде өкмөт жана Муфтият  тарабынан бекитилген тартипти, сактык эрежелерди бекем сактоо боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

2.  4-октябрда парламенттик шайлоодо диний кызматкерлер кызматын колдонуп үгүт иштерин жүргүзбөө. Диний иш-чара өткөрүүчү жайларда, мисалы мечиттин короосу же медреселердин жыйындар залдарын саясий максатта колдонбоо;

3.  Облустук казыяттардын жан баш имам хатиптердин аткарган иштери боюнча отчёттору;

4. Нике каттоо журналынын ишке ашуусу боюнча толук маалыматтык  отчёт;

5. Медреселердин  абалы жана  жаңы окуу жылына карата онлайн кабыл алуулар, аралыктан окууда даярдыктарды көрүү;

6. Казыят кызматкерлеринин  жана райондук баш имамдардын функционалдык милдеттерин так аткаруусун талап кылуу. Тартип бузган жана милдетин аткара албаган кызматкерлерге тийиштүү чараларды көрүү;

7.  Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана аны бекемдөө боюча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү.