Кара-Кулжа районунун имамдарына Муфтият тарабынан келген 488 даана Ыйык Куран китеби тапшырылды

Кечээ,  17-Сентябрь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун мечит имамдарына Муфтият тарабынан жөнөтүлгөн 488 даана Ыйык Куран китеби таратылып берилди.

Иш-чарага Ош облустук мусулмандар казыятынын курулуш жана мечит адиси Абдималик Турсунбеков, казыяттын иш башкарма башчысы Раушан Жеңишбек уулу, казыят кызматкерлери, Кара-Кулжа районунун башкы имам хатиби Дастан ажы Мамаев, хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары катышты.

«Бул китептерди Ош облусу аймагына таандык бардык мечиттер менен медреселерге таратуудабыз. Ар бир мечитке 8 даанадан туура келет. Бул китептер мечиттин ичинде колдонулуп, ага таандык болот. Мамлекетибизде Ыйык Куран китебибизди окуган жаштар көбөйө берсин», — деди казыяттын иш башкарма башчысы Раушан Жеңишбек уулу.