Базар-Коргон районуна берилген Ыйык Куран китептери айыл аймак имамдарына таратылды

Жалал-Абад областына караштуу Базар-Коргон райондук хатибиятында Кыргызстан Мусулмандар Диний Башкармалыгы  тарабынан аталган районго келген 960 даана Ыйык Куран китеби айыл аймактагы имамдарына тапшырылып, ар бир мечитке 8 даанадан берилмекчи.

Ошону менен бирге баш имам хатиб Тынчтык ажы Шаиков имамдардын шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу үгүт иштерине аралашпоосун эскертти.

“Сауд Араб Падышачылыгы өлкөсүнүн бизге берген баалуу белегине, аны бизге жеткирген диний башкармалыгыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. Ыйык Куран элибизди туура жолго салаарын  Жараткандан жалбарып суранабыз”,-деди баш имам хатиб.