Борбордук мечиттин ички тарабы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Бүгүн, 18-сентябрь күнү Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев казыят жана мечит кызматкерлерине жыйын өткөрүп, мечиттин ички тарабын оңдоп-түзөө боюнча көрүлгөн аракеттер тууралуу пикир алышты.

Анда жеке демөөрчүлөр чыгып, мечиттин ички тарабын оңдоп берүүнү көздөп жатканын белгиледи. 

«Бизге атын атагысы келбеген мусулман бир тууганыбыз маркум апасынын көзү өткөндөн кийин артынан сооптуу иш жасоону көздөп, элге жарыя кылгысы келген жок. Ал мечиттин ички тарабын оңдоп беребиз деп айтышты. Биз да колдон келген көмөгүбүздү берип, мечитибизди оңдотуп алуунун алдында турабыз. Бардык чыгашаларды өздөрү камсыздамакчы»,- деди Замир кары. 

Бүгүнтөн тарта жума намазы окулгандан кийин мечиттин ички тарабын оңдоп-түзөө иштери башталып, кыш мезгили келгенге чейин жүргүзүлөт.