Талас облусуна Муфтият тарабынан 1500 ыйык Куран китеби берилди

Бүгүн, 18-сентябрда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан Талас облусуна бөлүнгөн 1500 даана Ыйык Куран китеби келип түштү.

Бул китептер Талас облустук казыятына караштуу 145 мечиттин ар бирине 8 даанадан бөлүнүп берилди.

“Пайгамбарыбыздын хадисинде айтылгандай: “Силердин эң жакшысы Куранды үйрөнгөн жана үйрөткөн” дегендей жогорудагы Куранды көздүн карегиндей сактап, ага амал кылалы”,   деди  Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев.