Ат-Башы районунда мечиттер тазаланууда

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мечиттер хатибияттын тапшырмасы менен тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла Тахиров билдирди.

Анын айтымында, Ат-Башы районунда мечиттердин коопсуздугу үчүн тазалоо иштери байма-бай жүргүзүлүп келүүдө.

«Буга чейин Нарын казыяты тарабынан мечиттерди тазалоо боюнча тапшырмалар берилген. Бүгүнкү тазалык күнгө карата Ат-Башы районунун борбордук мечиттинде дагы тазалык иштери жүргүзүлдү. Тазалык иштери жума намазга чейин мечиттин ичи тазаланып, залалсыздандырылып, мечиттин короосу толук тазалды. Ушундай эле тазалоо иштери райондогу бардык мечиттерде өткөрүлдү»,- деди баш имам.