Ат-Башыда Муфтият тарабынан келген 200 даана Куран китептери мечиттерге таратылып берилди

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мечиттерге Муфтият тарабынан келген Куран китептери имамдарга таратылып берилди. Бул тууралуу Ат-Башы районунун  хатибиятынан билдиришти.

Маалым болгондой, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан Нарын облусунун аймагына, анын ичинде Ат-Башы району үчүн 200 даана Куран китеби райондогу мечиттердин имамдарына таратылып берилди.

«КМДБ  тарабынан берилген Курани Каримди  биздин Ат-Башы району боюнча 25 мечитке таратылып берилди. Мындан тышкары ошону менен бирге намаз убактыларынын календары китеби дагы имамдарга таратылды»,- деп билдиришти хатибияттан.