Ош шаардык казыятына келген 1803 даана Куран китеби таратылууда

Кечээ, 17-сентябрда КМДБ тарабынан Кыргызстандын түштүк аймагына атайын бөлүнгөн Куран китептер келип, 4 казыяттын аймагына бөлүнүп берилди. 

Аны ичинде Ош шаардык мусулмандар казыятына 1803 даана Куран китеп бөлүнүп, мечит-медреселер жана окуу борборлоруна таратылууда.

«КМДБ тарабынан берилген Куран китептеринин басымдуу бөлүгүн диний окуу жайларга берүүнү чечтик. Анткени Куран китеби текчеге коюу үчүн эмес, окуп үйрөнүү үчүн жиберилди. Биз китептерди өз ээлерине тез аранын ичинде жеткерип бермекчибиз. Бул биз үчүн аманат», — деди Убайдулла ажы Сарыбаев.