Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби жоокерлерди сабырдуулукка үндөгөн баяндамасын жасады

Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков Майлуу-Суу шаарында жайгашкан №12544 аскердик бөлүктүн жоокерлери менен жолугушту.

Анда жоокерлерди кайраттуулукка, сабырдуулукка жана патриоттуулукка, адептүүлүккө чакырды.

Жолугушуунун аягында жоокерлерди кызыктырган  ар кандай суроолорго жооп берди. 

Жоокерлердин демине дем берүүгө, бири-бирине зулум кылып албоого, патриоттук сезимдерин ойготууга аракет жасап атайын ушул жолугушууларды уюштурдук. Жолугушууга шарттарын түзүп, убактыларын бөлүп, көңүл бурган командирлерге да ыраазычылык билдиребиз”,- деди баш имам хатиб.