Чолпон-Ата шаарындагы намазкана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Автовокзал” намазканасы оңдоп-түздөөдөн өткөрүлдү. Бул туурасында бүгүн, 20-сентябрда Чолпон-Ата шаарынын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаев билдирди.  

«Бүгүнкү күнгө чейин аталган намазкана өтө тар жана эч кандай шарты жок болгондуктан ыңгайсыздык жаратып келген. Бүгүн намазкана кеңейтилип, толук шарты менен оңдоп-түздөөдөн өткөрүлүп, жергиликтүү жамаатка, сапар тарткан момун мусулман бир туугандарга кызмат кылмакчы”,- деди Балтабаев.

Намазкана толугу менен жергиликтүү жамаат тарабынан каржыланган.