Нарын казыятынын кызматкерлерине, имамдарга жана медресе мугалимдерине кургак учук боюнча маалымат берилди

«Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун алкагында Нарын облустук мусулмандар казыятынын кызматкерлерине, мечиттердин имамдарына жана Нарын медресесинин мугалимдерине кургак учукту алдын алуу боюнча маалыматтар берилди.

Ага  Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, жарандык коомдук уюмдарынын менеджери Темир Төлөгөнов, Нарын казыятынын жалпы кызматкерлери, Нарын медресесинин жалпы эмгек жамааты жана шаар, райондордон келген имамдар катышышты.

Окууда, кургак учук кандай шарттарда жуга тургандыгын жана анын бүгүнкү абалы, алдын алуу жана сактануу боюнча жарандык коомдук уюмдарынын менеджери Темир Төлөгөнов жалпы маалымат берип өттү.

КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов кургак учукту алдын алууда жана жергиликтүү аймактардагы тургундарга жеткирүүдө имамдардын орду жогору экендигин билдирди.

Быйыл жеңил эмес жылдардын бири болду. Ошол кайсыл бир учурда сиз менен биз жакындарыбыздын бирин жоготтук. Кургак учукту жеңүү жана алдын алуу боюнча пандемия шартына карабай жеткирүү  максатында келдик. Сиздер  бүгүнкү күндө жарандардын бир гана тазалыгы үчүн эмес алардын саламаттыгын алдын алууда дагы орун ээлейсиздер. Ошол себептен бүгүн кургак учук боюнча алган маалыматыңыздарды өзүңүздөрдүн айылдарыңыздардагы тургундарга, жарандарыбызга жеткириңиздер”,-деди Акимжан ажы Эргешов.