Баткен шаарында үй-бүлөдөгү зомбулукту алдын алуу боюнча жыйын болду

Баткен шаарында аялдарга карата болгон зомбулукту алдын алуу боюнча жыйын болду.

Коомчулуктун үй-бүлөлүк зомбулукка карата богон мамилени өзгөртүүгө багытталган жыйынга Баткен шаарынын вице-мэри Имигүлсүн Рыскулова, Баткен шаарынын баш имам хатиби Абдурашид ажы Юнусов, Баткен ШИИБ жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышты.

Жыйында Баткен шаарынын баш имам хатиби Абдурашид ажы Юнусов Ислам дини бирөөнүн өмүрүнө зулумдук көрсөтүүгө катуу тыюу сала турганын эскертип, зордук-зомбулукту алдын алууда бардык мамлекеттик органдар биргеликте кызматташуу керектигин баса белгиледи.

Иш-чаранын соңунда ар бир мамлекеттик мекемелер өз ойлорун ортого салышып, чогуу чаран кызматташмай болушту.