Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев дин кызматкерлерине саясий иш-чараларга катышпоону эскертти

Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев облуска караштуу мечит имамдарына жана жергиликтүү жамаатка жыйын өткөрдү.

Анда үй-бүлөлүк зордук – зомбулуктун алдын алуу жана диний кызматкерлердин шайлоодо үгүт иштеринен оолак болуусун камсыз кылуу боюнча имамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

“Ислам дининде зулумдук кылгандарга катуу тыюу салат. Кереметтүү Куранда  “Зулумдук жасагандарга оор күндүн азабы түрүндө ойрондук болсун!” («Аз-Зухруф» сүрөөсү: 66)  деп келет. Облуска караштуу бардык аймактарды кыдырып, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча имамдарга тийиштүү тапшырмаларды берүүдөбүз. Ошондой эле имамдарга саясий иш-чараларга катышпоого чакыруудабыз”, — деди Нурбек кары Орунбаев.