Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев казылардын отчётун кабыл алды

Бүгүн, 21-сентябрда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында түндүк аймагындагы казылардын 2020-жылдан ушул убакка чейинки аткарган иштери тууралуу отчётторун тапшырышты.

Отчёттук жыйынга Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев, Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев, КМДБнын Аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов жана казылар катышты.

Жыйында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев казылардын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, сунуштарын айтып, мындан аркы иштерине тийешелүү тапшырмаларды берди.

Алар, КМДБ тарабынан чыгарылган буйруктардын өз убагында аткарылышы, мечиттердин мамлекеттик каттоодон тездетүү, экстремизм, терроризмдин алдын алууда жүргүзүлгөн иштерди күчөтүү жана башка.