Ак-Талаа районунда ишембилик өткөрүлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мечиттердин айланасын тазалоо иштери  башталды. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди.

Анын айтымында, Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Ак-Талаа мечитинде өткөн жума күнү ишембилик болуп, мечиттин айланасын тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Ишембиликке жергиликтүү жамаат катышып, мечиттин короосундагы таштандылар менен акыр-чикирден тазалашты.

«Дал ушундай тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн райондун башка мечиттерине дагы тапшырмалар берилди. Ишембилик өткөрүү жоопкерчилиги мечиттин имамдарына жүктөлдү. Тазалык бул мусулмандын негизи сыпаатарынан  экендигин келген жамаатка байма-бай айтып келебиз»,- деди Акылбек Эсеналиев.