Ак-Талаада көчмө жыйын өткөрүлүп, имамдарга бир катар тапшырмалар берилди

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында көчмө жыйын болуп өттү. Бул тууралуу баш имам хатиб Акылбек Эсеналиев билдирди.

Маалым болгондой, көчмө жыйында Муфтият тарабынан түзүлүп берилген жума хутбаларынын негизинде баяндама жасоо жана ошондой эле мечиттин тазалыгы, кышка карата даярдыктарды көрүү тапшырмасы берилди.

Көчмө жыйындын соңунда Муфтияттан келген 104 Курани Карим жана Казыят тарабынан берилген намаз убактылары боюнча китептер тапшырылды.