Нарын облусунун имамдарына Муфтият тарабынан берилген Куран китептер тапшырылды

Нарын облусунун аймагындагы диний окуу жайларга жана мечиттерге Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан берилген Куран китептери таратылып берилди.

Нарын облустук мусулмандарынын казыяттына жалпысынан Муфтият тарабынан келген 1216 Курани Карим китеби келип, ал Нарын облусунун аймагындагы 150 мечиттин ар бирине 8 даанадан таратылып берилди.

Аталган китепти бөлүштүрүү жана жеткирип берүү иши райондогу хатибияттарга милдеттендирилген. Бүгүнкү күндө Куран китептери толугу менен бөлүштүрүлүп берилди.