Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Өзгөн районунда болуп өткөн Аксакалдар кеңешинин жыйынына катышты

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы акимияттын чоң жыйындар залындагы Аксакалдар кеңешинин конференциясына катышты.

Иш-чарага Өзгөн районунун акими Болот Дыйканбаев, Өзгөн районунун баш имам хатиби Акжол ажы Козубаев, Аксакалдар кеңешинин Ош аймагы боюнча жетекчиси Азим Карашев жана Аксакаладар кеңешинин мүчөлөрү катышты.

Иш-чарада көзү өткөн маркумдардын урматына багышталып Куран окулду. Андан соң Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев аксакалдардын бүгүнкү күндөгү орду тууралуу буларга токтолду.

«Негизинен бүгүнкү аксакалдар жыйыны абдан маңыздуу болду. Абдан жакшы сөздөр, сын пикирлер айтылды. Ушул калыбынан жазбай жаштарга өрнөк болуп, акыл насаатынан кеп салган аксакалдарыбыз аман болсун»,-деди Самидин кары.