Сузакта имамдарга шайлоодогу үгүт иштерин аралашпоосу эскертилди

Бүгүн, 21-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун  баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов тарабынан ай сайын өтүп турчу дин кызматкерлеринин кезектеги жыйыны болду.

Анда күн тартибинде шайлоо өнөктүгүнө карата дин кызматкерлеринин үгүт иштерине аралашпоосу, мечиттин короосуна саясий жыйындарды өткөрбөө эскертилди.

Мындан тышкары кыш мезгилене карата жылуулук иштерин азыртан кам көрүп, мечитке келген жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп, тазалык, сактык чараларын көңүл буруу милдеттендирилди.

Жыйындын соңунда ар бир имамга Муфтият тарабынан берилген Ыйык Куран китептери тапшырылды.

Сузак районунда областагы райондорого караганда мечиттердин саны көп болгондуктан бизге 1776 даана Ыйык Куран берилган. Райондун алыскы аймагына чейин жеткирип бердик”,-деди Жунус ажы Исмаилов