Өзгөндө имамдардын диний сабаттуулугун тереңдетүү максатында атайын окуу башталды

Ош облусунун Өзгөн районунда имамдардын диний билимин тереңдетүү максатында окутуу иштери башталды.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казыятынын фатва бөлүмүнүн адиси Марат уулу Баястан, Өзгөн районунун башкы имам хатиби Акжол ажы Козубаев, хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары катышты.

«Муфтияттын тапшырмасына ылайык диний сабаттуулукту жогорулатуу максатында  атайын окутууларды баштадык. Учурда Өзгөн району кийин башка аймактардагы дагы уланат. Окутуу ар бир ай сайын уюштуруп турууну пландап жатабыз», — деди окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол ажы Бакиров.

Алгачкы окутуу Ош облустук казыятынын фатва бөлүмүнүн адиси Марат уулу Баястан (Абубакр) «Акыйда»  сабагы боюнча баяндамасын жасады.

Окуунун жыйынтыгында мечит имамдарына КМДБ тарабынан 1224 даана келген Куран китептери ар бир имамга 8 даанадан тапшырылды.