Нурбек кары Орунбаев: Билим берүүнүн сапатын жакшыртууда алдыбызга көптөгөн пландарды койдук

Ош облусунун Кара-Суу района караштуу Мады айылдык аймагындагы Абдыжапар атындагы Ислам институнун ректору Нурбек кары Орунбаев окуу жайдын эмгек жамаатына жыйын өткөрдү.

Анда жаңы окуу жылына карата онлайн окутууда мүчүлүштүктөргө жол бербөө, окутуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу, билим алуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү боюнча тийишттүү тапшырмаларды берди.

«Студенттерге ыңгайлуу шарт түзүүдө окутуучулар дагы изденип сабак бериши керек. Биз дагы заман талабынан четте калбай жаңы усулдук ыкмаларды колдонуп, билим берүүнүн сапатын жакшыртууда алдыбызга көптөгөн пландарды койдук», — деди Нурбек кары Орунбаев.