Каракол шаарындагы “Иброхим Ажы” мечити оңдоп-түзөөдөн өкөрүлүүдө

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы “Иброхим Ажы” мечити оңдоп-түзөөдөн өкөрүлүүдө. Бул туурасында Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө мечиттин дааватканасы, ашканасы бүткөрүлүп, кышка карата даярдыктар башталды.

Ушундай эле мечиттин ичи-сыртын, айланасын тазалоо, кышка даярдык көрүү, жылуулугун камсыздоо иштери Каракол шаарынын баардык имамдарына тапшырма берилгенин кошумчалады.