Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу ысырапкерчиликке жол бербөөгө чакырды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу кечээ, 21-сентябрда райондун имамдарына ысырапкерчиликке жол бербөөгө чакырды.

Анда зекет, үшүр, ынтымак жана биримдик туурасында баяндамасын жасап, шайлоодо дин кызматкерлерин үгүт иштерине аралашпоого чакырды.

“Жараткан Алла Таала ысырапкерчилик кылууга тыюу салган. Ысырапкерчилик- жеп-ичүүдө, мал-байлыкты иштетүүдө, убакытта жана башкада болот. Калк арасында ашыкча чыгымдарга жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин көп жүргүзүү керек»,-деди Талантбек Акылбек уулу.

Мындан сырткары жалпы имамдарга мечит айланасын тазалоо, мечиттердин кышка даярдыгын, жылуулугун камсыздоо, каттоодон өткөрүү иштерин жандандыруу тапшырмасын берилди.