Ош облустук казыятында Кара-Суунун имамдарына жыйын өткөрүлүп, 1776 даана Куран китеби тапшырылды

Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош облусунун мусулмандар казыятынын борбордук мечитинде Кара-Суу районунун мечит имамдарына жыйын өткөрүлүп, анда нике журналы менен иш алып баруу жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу маселелери каралды. Жыйындын соңунда Муфтият тарабынан келген 1776 даана Ыйык Куран китеби тапшырылды.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, казыят кызматкерлери, хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары катышты.

Жыйындын алкагында Нурбек кары Орунбаев мечит имамдарына нике каттоо журналы менен иш алып баруу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу жана айлык отчетторду  кынтыксыз тапшыруу зарылчылыгын баса белгилеп, бул жаатта жумушуна кайдыгер караган имамдарга чара көрүлөөрүн эскертти.

«Биз имамдар ар кандай эл чогулган жерлерде, мечиттерибизде керек болсо ар кандай коомдук жайларда да үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоого себепчи болуубуз кажет. Нике журналдары да дал ушундай терс көрүнүштөгү жаман нерселерден оолак болуу максатында чыгарылган. Бул журнал биринчиден үй-бүлө курган жарандарыбыздын укугун коргосо, экинчиден кызматкерлердин  дагы укугун коргойт. Андыктан баарыбыз бул жаатта болгон күчүбүз менен иш алып баруубуз зарыл», — деди Нурбек кары Орунбаев.