Муфтият «Салих» жоопкерчилиги чектелген коомуна кезектеги пландык текшерүүсүн жүргүздү

Бүгүн, 22-сентябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын өкүлү Абдулбасит ажы Галбаев «Салих» жоопкерчилиги чектелген коомуна  кезектеги пландык текшерүүсүн жүргүздү.

Текшерүү учурунда алгач санитардык талаптардын сакталышына дыкат көңүл бурулуп, «Салих» ЖЧКнын кызматкери Үмүт Абдуллаев компаниянын кызматкерлери үчүн атайын заманбап техникалардын коюлгандыгын көрсөтүп берди.

««Салих» жоопкерчилиги чектелген коому санитардык талаптарга абдан маани берет. Себеби колбаса жана  тамак-аш азыктарын  өндүрүүчү ишкана болгондуктан бардыгына дыкат маани берет»,-деди Абдуллаев.

Андан соң текшерүү иши эт азыктары, колбасанын жасалуу багыттары жана кошулмалары, тамак-аш азыктарынын сакталышы боюнча улантылды.

«Кыргызстанда халал индустриясы абдан жакшы жолго түшүп келе жатат. Элибиздин 90 пайызга жакыны мусулман болгондуктан адал азык элибиз үчүн абдан маанилүү»,-деди Галбаев.