Баткен облусунун казысы Лейлек жана Сүлүктү шаарынын имамдарына Ыйык Куран китебин тапшырды

Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов Лейлек райондук хатибиятынын жыйындар залында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын имамдарына жыйын өткөрдү.

Анда имамдарга таажы илдетинен эл толук арыла электигин айтып, мечиттерде санитардык эрежелерди так сактоого, парламенттик шайлоого үгүт ишине аралашпоого, диний мекемелерди саясий максатта колдонбоого эскертти.

Жыйындын соңунда Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарынан кайрымдуу инсандардын атынан Баткен казыятына берилген Ыйык Куран китебин тапшырды.

«Куран бүткүл адамзатка керек болгон бардык нерсени өз ичине камтыйт. Алсак, ибадат, тавхит, Аллах Таала менен болгон мамиле, инсандардын өз ара мамилеси, адеп-ахлак, соода-сатык, бейиш-тозок, кыямат, эсеп-кысап жана башка илимдерди өз ичине камтыйт. Андыктан Ыйык Куран китебине урмат, адеп менен мамиле жасап, ар дайым окуп, жашообузга пайда алалы»,- деди Пазыл ажы Султанмуратов.