Ош шаарындагы мечиттер казыят тарабынан текшерүүдөн өткөрүлөт

Бүгүн, 23-сентябрда Ош шаардык мусулмандар казыяты кызматкерлер арасында жыйын өткөрдү. Жыйында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин буга чейин 25-августта Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында берилген тапшырмаларын аткаруу максатында түзүлгөн иш пландарынын аткарылышын күчөтүү. Ага ылайык ар бир мечит төмөнкү маселелер боюнча текшерүүдөн өткөрүлөт.

Текшерүүдө каралуучу маселелер:
1. Дин кызматкерлеринин Нике каттоо журналынын колдонулушу;
2. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине дин кызматкерлеринин аралашпоосу; 
3 Мечиттердеги санитардык эрежелердин канчалык деңгээлде сакталып жатканы;
4. Мечиттеги видео көзөмөлдүн болушу;
5. Кулактандыруу тактайчасы;
6. Санариптештирүү жылына карата ар бир имамдын иш бөлмөсүндө компьютердин болушу;
7. Даараткананын тазалыгы;
8. Мечиттерди оңдоп-түзөө иштеринин жүргүзүлүшү.

Бул маселелерди карап тактоо казыяттын иш башкарма башчысы Жанарбек ажы Матиевге жүктөлдү.