Руслан ажы Жумагулов: Эл арасындагы тынчтык, ынтымак жана биримдик эң маанилүү нерсе


Кечээ, 22-сентябрда Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Кайыңды шаарындагы «Собиха Ажил Мухаммад» мечитинде, Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов жетектеген казыят кызматкерлери жана облустагы баш имам хатибтердин катышуусунда кезектеги көчмө жыйын болуп өттү.

Аталган көчмө жыйын Руслан ажы Жумагуловдун демилгеси менен уюштурулуп, хатибияттын маселеси менен жеринде таанышуу максатында, ай сайын ар бир райондо өтүп турат.

Пандемия учурунда бул чогулуш аралыктан өтүп, өлкөбүздөгү абал турукташа баштаганына байланыштуу кайрадан мурунку нукта жандана баштады. Жыйын алгач ар бир имам хатибтин отчетторун угуу менен башталып, райондордогу диний кырдаал талкууга алында.

Жыйын жалпысынан 2 саатка созулуп, төмөнкү маселелер боюнча имамдарга тапшырма берилди:

1) Никеге каттоо журналын көзөмөлдөө;
2) Үгүт иштерине аралашпоо жана диний мекемелерде саясий жыйындарды өткөрбөө;
3) Райондордо аялдардын окуу борборлорун жандандыруу;
4) Диний окуу жайларда студенттерге аралыктан окутууну бекемдөө;
5) Мечиттердин тазалыгы, кышка даярдык көрүү;
6) Эл ортосундагы ынтымак-биримдикти бекемдөө максатында иш-чараларды уюштуруп, үгүт-насаат иштерин токтотпоо.

«Бул дүйнө бардыгы убактылуу. Өмүрүбүз өтө кыска, мына ушул кыска мөөнөттүн ичинде Жараткандын да, башкалардын да акысын беришибиз керек. Учурдагы кырдаалга байланыштуу эл ортосундагы ынтымак-биримдик үчүн арекет кылалы. Элдин тынчтыгы, ынтымак-биримдиги эң маанилүү нерсе. Өзүбүздүн милдеттерибизди так аткарып, эл үчүн кызматыбызды аябайлы», — деди Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов.