Манас районунда бүтүрүүчүлөр айылдык мечитке колдоо көрсөтүштү

Талас облусуна караштуу Манас районунун Кеңеш айылындагы мындан 20 жыл мурун мектепти бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөр айылдык мечитти оңдоп-түзөөдөн өткөрүшүүдө. Бул тууралуу Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү тургундар каражат топтошуп, мечиттин короосуна брусчатка төшөп беришкен. Азыркы тапта оңдоо иштери аягына чыгып, 2 күндүк жумуш калган.

 Айрым мектеп бүтүрүүчүлөрү ашыкча ысырапкорчулук кылып, чоң иш-чараларды өткөрүп келишет. Биздин жигиттерибиз айылдык мечитибизге колдоо көрсөтүүдө. Жараткан Алла Таалам бул жигиттердин иштерине ийгиликтерди, үй – бүлөлүк бакыт берсин”, —  деди Миржалал ажы Дадабаев.